Комитетте Германия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына берүүчү 4млн 500миң евро гранттык макулдашуу каралды

 Комитетте Германия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына берүүчү 4млн 500миң евро гранттык макулдашуу каралды

Бүгүн, 11-декбардагы Эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну карады.

 

Бул багытта экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов маалымат берди. Ал белгилегендей, “Саламаттык сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбоорун ишке ашыруу “Ден соолук” артыкчылыктуу программасында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, “Эне жана баланын ден соолугу” компоненттерин, V-IX фазасын (Бишкек шаарынын перинаталдык борбору, Ош шаарынын перинаталдык борбору, Талас шаарынын перинаталдык борбору), ошондой эле кургак учукка каршы күрөшүү боюнча компонентти (КФ) V фазаны (Бишкектеги кургак учукка каршы оорукана) аяктоо үчүн пландаштырылган.

 

Комитет төрагасы Улан Примов каражат грант катары келип жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун кесиптештерин колдоп берүүгө чакырды.

 

Мындан тышкары комитетте бир нече мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды. Атап айтсак: «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору; «2023-жылдын 18-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамынын долбоору; «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Связанный пост