Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 211 миң тонна органикалык продукция өндүрүлгөн

 Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 211 миң тонна органикалык продукция өндүрүлгөн

Үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата Кыргызстанда ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү – 210 968, 5 тоннаны түздү, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмү – 204 миң 440,25 тонна, мал чарбачылык – 6 миң 527,8 тонна.

Экспорт боюнча органикалык айыл чарба продукциялар – 6 миң 391,5 тонна.

Анын ичинен эл аралык сертификат алган чарбалар экспортко – 3 миң 165 тонна:

  • Кара өрүк – 30 тонна;
  • Каперсы – 40 тонна;
  • Пахта – 400 тонна;
  • Даары чөптөр – 58 тонна;
  • Жапайы продукциялары (жангак, кактын түрлөрү, мисте, бадам)– 370 тонна;
  • Фасоль– 2000 тонна.

Связанный пост