Ош шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугу ачылды
Бүгүн, Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугунун расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
Консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.