Жыл башынан бери ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту 819 тоннаны түздү
Үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 818 972 тоннаны түздү. 2022-жылдын ушул мезгилиндеги экспорту – 587 167 тоннаны түзгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 231 миң 805 тоннага көп.
Экспорт боюнча негизги карантинге алынган продукциялар:
↪жашылчалар – 186 876 тонна;
↪жаңгак – 88 526 тонна;
↪жемиштер – 139 089 тонна;
↪кургатылган жемиштер – 34 960 тонна;
↪көчөттөр – 3 614 704 даана;
↪дан буурчак өсүмдүктөрү – 70 545 тонна;
↪картошка – 43510 тонна.