Акыркы эки жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 тик учак, 700 техника менен толукталды
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин катышуусунда министрликтин 2023-жылдын 11 айынын отчеттук пресс-конференциясы өттү. Министр узап бара жаткан жыл ичиндеги иштердин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу бир катар массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө маалымат берди.
– Республика боюнча жалпы ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 165 адамдын өмүрү куткарылып, куткаруучулар тарабынан жалпысынан 918 адамга жардамга көрсөтүлгөн;
– 2023-жылдын 11 айында республиканын аймагында 33 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 44 адам каза болгон. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 293 млн 628,5 миң сомду түзгөн . Катталган өзгөчө кырдаалдар былтыркы жылга салыштырмалуу 44,4% пайызга азайган.
– Республика боюнча 3116 өрт кырсыгы катталып, куткаруучулар кырсыктан 39 адамдын өмүрүн, 13млрд сомдон ашуун материалдык чыгымды сактап калышты. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 29 адам көз жумуп, тилсиз жоо 1 млрд сомдон ашуун чыгымды алып келген. 2022-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 15.9 %га өскөн.
– Суу кырсыгынан 103 адам каза болгон.
– Президенттин Жарлыгынын негизинде суучулдар ушул жылдын 12-мартынан тарта Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоону баштап, 9 айдын ичинде 200 600 метр балык уулоочу синтетикалык тор, 22 мин тоннадан ашуун таштанды чыгарылып, көлдүн 400 миң гектар аянты тазаланды.
– Акыркы эки жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 тик учак, 700 техника менен толукталды. Анын ичинен 200гө жакыны оңдоодон өтүп, 500 жаңы алынды:
Airbus Н-125, Н-145 , Ми-8МТВ1 тик учагы;
200гө жакын өрт өчүрүүчү унаа;
38 унаадан турган 2 мобилдүү госпиталь;
автобустар, женил унаалар, Ысык-көлгө куткаруучу катер алынды;
Жалын менен күрөшкөн өрт өчүрүүчүлөр үчүн 300гө жакын атайы кийимдер алынды.
Сел, суу ташкындарынан коргоо максатында дарыя, арык, каналдардын жээктерин бекемдөө ишинде республика боюнча жапы 287 обьектте жумуш жүргүзүү каралса, бүгүнкү күндө анын 262де жумуш толук аяктап, 14 обьектиде иш уланууда. Аткарылган иштин натыйжасында 10 миңден ашуун турак жай, ички чарбалык жолдор, 4 миңге жакын гектар айдоо аянты, социалдык обьекттер, күпүрөлөр , селден коргоого алынды.
Чек араны болуп турган Чу дарыясынын жээги, Кара –Дарыя, Көк-Арт, Кара Үңкүр -Сай, Сох дарыяларынын жээктерине быйыл жалпы 5396 м коргоочу тосмолор курулуп, бекемделди. 120метр сел өткөрүүчү каналдарга 118 м темир, бетон тосмолор, 2 көпүрө курулду
Ал эми бул жылы жээктерди бекемдөө ишинде колдонулуучу габион торчолорун автоматтык түрдө өндүрө турган чакан 2 цех ачылып, иштин 10 эсе тез жана сапаттуу жүрүүшүнө шарт түздү.
Түркиядагы зилзала 2023-жылдын февраль айында, кыргыз куткаруучулары түпкү тамарыбыз бир болгон түрк туугандарга кол сунуп, зилзаланын очогунда издеп-куткаруу ишин 180 куткаруучу жүргүзүп келишти. Жарым ай ичинде урандылардын астынан 198 адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышты. Жер титиреген аймакта убактылуу баш калкалоо үчүн, 127 кыргыз боз үйү тигилди. Ага кошуп Кыргызстан Түркияга мобилдүү госпиталын жайып, дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүштү.
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 60дан ашуун калдык сактоочу жай бар . Бул жылы министрлик Россиянын “Росатом” Мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте Нарын облусунун Миң-Куш айылындагы “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдык сактоочу жайын “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүү, “Как” калдык сактоочу жайын ордунда рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнү баштады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын алкагында Япон өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстанда быйыл 3 кар көчкү станциясы ишке кирди. Алар Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусундагы “Чапчыма” жана “Чаткал” кар көчкү станциялары.
Өлкөнүн аймагында 4,5миндей жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкелер бар. Алар республикадагы 1186 калктуу конушка коркунуч жаратып келет. Адам өмүрүн жана материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда, Өзгөн районунун Аюу-Сай тилкесинде жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү ыкмасы колдонулуп баштады.
Ал эми Кыргызстанда тоо туризмин жана куткаруучулукту өнүктүрүүдө түзүлгөн “Эдельвейс” кошууну тоо башындагы көлдөрдүн суусунун көлөмүн атайы жабдуунун жардамында азайтуу ишин жүргүзүп, 5миң метр бийиктикте туристтерди издеп-куткаруу ишин ийгиликтүү жүргүзүп баштада.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Эл аралык издөө жана куткаруу боюнча консультациялык топ (Insarag)ка кирүүсүнө бүгүнкү күндө жигердүү аракетин жүргүзүүдө. Куткаруучулардан турган “Инсараг” кошууну үчүн Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 35 млн сом каражатына өзгөчө кырдаалдын очогунда издеп-куткаруу ишин жүргүзүдө керектелүүчү акыркы үлгүдөгү гидравликалык авариялык-куткаруу шаймандары, жарык бергичтер, чатырлар, дрон камералар, үзгүлтүксүз байланышты камсыздаган спутникалык портал каражаты алынды. Куткаруучулардын лагердеги жашоосуна керектелүүчү баардык шарттар түзүлүп, англис, түрк тилдери үйрөтүлүүдө.