Камчыбек Ташиев: Жалал-Абадда 3000 ипотекалык батирлер курулуп жатат

Бүгүн, 2-декабрь күнү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын курулуш иштери менен таанышып чыкты.

“Үйлөр ипотекага 25 жылга 4% жана 8% менен берилет. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, биринчилерден болуп мугалимдер, медицина кызматкерлери жана үйгө муктаж жарандар алышат.

Негизги максат – чет өлкөдө үй алабыз деп иштеп жүргөн мигранттарды мекенге кайтарып, аларды үйлүү кылуу…”,–деди Камчыбек Ташиев.

Алсак, Жалал-Абад облусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын 3000 батирдин курулушу жүрүп, төртүнчү курулуш иштери башталуу алдында турат. Алар Жалал-Абад шаарында 3 жерде жана Сузак районунун Ленин, Сузак айыл өкмөттөрүндө 2 жерде курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

Курулуштарды сапаттуу жана ыкчам турдө жүргүзүү талабы эскертилип, бир жылдын ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Связанный пост