Бишкекте 1 күндө Атайын рота тарабынан 44 мас айдоочу кармалды. Эми бул айдоочулар унаа башкаруу укугунан ажырайт

 Бишкекте 1 күндө Атайын рота тарабынан 44 мас айдоочу кармалды. Эми бул айдоочулар унаа башкаруу укугунан ажырайт

Атайын рота тарабынан 44 мас айдоочу кармалды. Эми бул айдоочулар унаа башкаруу укугунан ажырайт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо декабрь айынын аягына чейин, жалпы өлкө аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүүдө. Ошонун алкагында 25-26-ноябрга күндөрү Атайын рота тарабынан жалпы 44 мас айдоочу кармалып, баары айып короо жайына киргизилди. Эми бул айдоочулар соттун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажырайт.

Рейддик иш-чарага массалык маалымат каражаттарын чыкырылып, айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүүүдө.

Связанный пост