Акылбек Жапаров: Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралды
Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет, ага 2 млрд сом каралды. Бул тууралуу Министерлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
“Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар: 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада: 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, ага 2 млрд сом каралды”, – деп белгиледи МинКаб төрагасы.