Арча-Бешиктен табылган ымыркайдын абалы туруктуу

 Арча-Бешиктен табылган ымыркайдын абалы туруктуу

Ленин районунун акими Арча-Бешиктен табылган жаңы төрөлгөн ымыркайга барды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган, ташталган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды.

Жолугушууда аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.

Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган.

Эскерте кетсек, ымыркай Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.

Связанный пост