Тармактык комитет республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды
Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кеңейтилген жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды. Комитеттин кеңейтилген жыйынынын отурумуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү министрликтердин жетекчилери катышууда.
Кеңейтилген жыйын суроо-жооп форматында өттү.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Эльвира Сурабалдиева Министрлер кабинетинин төрагасынын көңүлүн М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрын каржылоо, төрөт үйлөрүндө бэби-боксторду орнотуу жана балдардын тамак-ашы маселесине бурду. Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, 2009-жылдан бери майыптарга коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн берилүүчү 1000 сом өлчөмүндөгү каражат өзгөргөн эмес. Ал ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт комплексин куруу маселесин кароо керектигин белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт комплексин куруу маселеси карала турганын билдирди.
Депутат Эмил Токтошев аймактардагы, анын ичинде Бишкекке жакын конуштардагы жолдорду куруу жана реконструкциялоо маселесин көтөрүп, мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу, ысык тамак уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурду. «Ысык тамакты уюштурууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнүшү керек», – деп баса белгиледи депутат Эмил Токтошев.
Депутат Марлен Маматалиев 2023-жылы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү жана 2024-жылы жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу маселелерди белгиледи. Депутат ошондой эле республиканын азык-түлүк коопсуздугу жана аларга болгон баанын өсүшү боюнча суроолорду көтөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев республикада акыркы 3 жылда 7700 жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн белгилеп, ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча кыскача маалымат берди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушсуздуктун деңгээлин аныктоонун методологиясын өзгөртүү керектигин айтты.
Депутат Таалайбек Сарыбашов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каржылоосу, «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашырылышы, ошондой эле жакырчылыктын деңгээлинин өсүшү, калктын өтө жакырчылык чегинен төмөн болгон катышы, пособия алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча суроолорду берди. Депутат Камила Талиева эл аралык изилдөөлөрдүн негизинде мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпоого тийиш экенин белгилеп, тышкы насыяларды пайдалануунун натыйжалуулугуна көңүл бурду. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков белгилегендей, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 70%дан ашпашы керек, бүгүнкү күндө ал 57% түзөт. Депутаттар Айсаракан Абдибаева, Карим Ханжеза Кумтөр кенинин ишмердүүлүгү боюнча маселени көтөрүштү. Депутат Нурлан Ражабалиев Баткен районундагы социалдык объектилердин курулушу боюнча маселени көтөрдү.