Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектеби 500 окуучуга ылайыкташкан.

Типтүү мектеп 133 млн сомго республикалык бюджеттен каржыланып курулууда.

Мектептин курулушу учурда 40% бүттү. Билим берүү мекемесин пайдаланууга берүү 2024-жылга пландалган.

Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

Белгилей кетсек, 2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө чейин анын ичинен 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан дагы 6 мектеп пайдаланууга берүү алдында турат, 7 мектептин курулушу менен 5 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштерин, жыл соңуна чейин бүткөрүү белгиленген.

Связанный пост