Кыргыз Республикасындагы илим: цифралар жана фактылар
2022 – жылы академияда илимий ишмердикти 1 235 адам ишке ашырып, алардын ичинен 125 илимдин докторлору жана 280 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 52% аялдар түздү.
Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2022-жылы 791 млн.сомду түздү жана 2018-жылга салыштырмалуу 19% өскөн.
2022–жылы республикада 69 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 33% жана академиялык сектор уюмуна 30% туура келди.
2022-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (67% ашык) академиялык сектордун уюмдарына туура келди.
2022-жылы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 7 миңден ашык адамды түзгөн.
Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 78% ашыгын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 41% илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 60% жакынын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.
Аспиранттардын саны 2022-жылы 2,2 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (21%), педагогикалык (16%), экономикалык (11%) жана юридикалык (10%) тармагына туура келди. Докторанттардын саны 236 адам. Аспиранттардын да, докторанттардын да жалпы санындагы аялдардын үлүшү 60% жакынды түздү.
2022-жылы 614 аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (23%), экономикалык (11%), педагогикалык жана техникалык (10%) илимдин тармактарына туура келди.