КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.