Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.

Связанный пост