Бажы кызматы ташылып келинген товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады. Келтирилген зыян 1,6 млн сомдон ашты

 Бажы кызматы ташылып келинген товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады. Келтирилген зыян 1,6 млн сомдон ашты
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы КР УКМК 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «С.К.Г.» ЖЧКсынын дарегине КЭРден келген товарларга бажы контролун жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагына ташылып келинген товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталган.
Жүк коштоочу документтерге ылайык, жалпы салмагы 38500 кг түзгөн «аралаштыргыч жана алардын бөлүктөрү» товар көрсөтүлгөн. Бирок, бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө документтерде мурда декларацияланбаган башка товарлар да аныкталган, бул ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуу болуп саналат.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 637 445 сомду түздү. Факты КБР МКЖ АДСга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост