Миң-Куш аймагын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Роговду кабыл алды.
Жолугушууда кызматташууну бекемдөө, биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын облусунун потенциалы тууралуу маалымат берип, жашыл экономика, суу энергетикасы, Европа өлкөлөрү менен нарындыктардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу багытындагы долбоорлорду сунуштады.
ЕККУнун өкүлдөрү сунуштарды эске алынаарын билдиришти. Ошондой эле Жумгал районундагы Миң-Куш аймагын туризм багытында өнүктүрүүгө кызыгышты.
Алтынбек Эргешов жакында Миң-Куш аймагы уран калдыктарынан толугу менен тазаланып, экологиялык таза аймакка айланаарын, бул жерди тарыхый аймак, туристтик музей катары эч нерсесине тийбей, бузбай өнүктүрүү зарылдыгын, бул аракеттерди убакытты созбой баштай берүү керектигин белгиледи.
Алексей Рогов сунушту кабыл алып, жыл аягына чейин, же жаңы жылдын башы менен Миң-Кушта бизнес-форум өткөрүп, өнүктүрүү аракеттери башталаарын айтты.