Нарында 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Нарын облустук коллегиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын 9 айындагы жыйынтыгы; ошондой эле Нарын облусунун аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылууларын кароо тартибинин абалы тууралуу маселелер каралды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Адыл Сапаров, Нурбек Сатаров жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Укуктук, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Бакыт Үрүстөмов маалымат беришти.
Маалыматтарда билдирилгендей, негизинен 9 ай ичинде өндүрүштө, айыл чарбасында, мал чарбалыгында, инвесиция тартууда жана башка бардык тармактарда өнүгүүгө карай көп жумуштар жасалган. Ошол эле учурда айрым кемчиликтерге жол берилген.
Эң негизгиси облустун аймагында 2 пилоттук долбоор: Президенттин №85-Жарлыгы менен ишке ашкан Административдик-аймактык реформа долбоору жана КР Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен жүзөгө ашып жаткан жайыттарды башкаруу, таза суу, ирригация, тазалык системаларын комплекстүү башкаруу долбоорлору пилоттук негизде ийгиликтүү ишке ашты.
Алардын негизинде 63 айыл өкмөтү ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлгөн. 246 штаттык бирдик кыскарып, айлык акы фондунан жана башка чыгымдардан 113 млн. 619,1 миң сом үнөмдөлгөн. Ал эми жайыттардан, таза суу, ирригация, тазалык кызматтарынан түшкөн салыктык эмес төлөмдөрдү жыйноо боюнча 110 миллион сом план коюлса, анын 100 миллион сому 9 ай ичинде чогултулуп бүткөн. Мындан сырткары мамлекеттик бюджеттен айыл аймактарын колдоо катары 27 айыл өкмөтүнүн ар бирине бирден кызматтык автоунаа жана 10 миллион сомдон өнүктүрүү үчүн каражат берилген.
Жыйында ар бир тармак боюнча аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда, жер мунапысын аткарууда, салыктык эмес жыйымдарды жыйноодо, кышка даярдык иштеринде, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууда, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө, аткаруу тартибинде кетирилген кемчиликтер талкууланды.
Коллегиянын отурумун алып барган ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов өз сөзүндө өлкөбүздө жасалган масштабдуу жумуштар, Нарын облусунда ишке ашкан реформалык кадамдар боюнча кеңири маалымат берди. Алдыга мындан да чоң пландар коюлуп жатканын, эң негизгиси ынтымак, ишеним менен кайдыгер болбой, жалкоолонбой аракет кыла берсек сөзсүз ийгиликтерге жетээрибизди белгиледи.
Жыйындын соңунда пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү иш алып барган айыл өкмөт башчыларына КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Ошондой эле коллегиянын токтому менен өз ишинде кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.