Тоннасы 5000сом: Баткенде арзан көмүр саткан кампалар ачылды
Баткен облусун элин арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын биргелешкен аракети менен Баткен областында 6 көмүр кампасы ачылды.
Бул кампаларда БР маркасындагы көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.
Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Лейлек жана Баткен району,Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат.
Бул иш аракет бир жолу эмес,эл толук көмүр менен касыздалганча улантылат.
Көмүр кампалары өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана колдоосу менен ачылды.
Көмүр кампалардын даректери:
– Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы
– Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы.
– Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы
– Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды
– Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25
– Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137