Ош электр тармактары ишканасы 30 жаңы трансформатор орнотууда

 Ош электр тармактары ишканасы 30 жаңы трансформатор орнотууда
Ош электр тармактары ишканасына 30 даана жаңы трансформатор келип, орнотуу иштери башталды
Бүгүнкү күндө, Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинин Кашкар-Кыштак бөлүмүндө, муктаждык жаралган Нариман айылына 400 кВ жаңы трансформатор коюлду.
Бул трансформатор орнотулуп, ишке берилгенден соң жалпы 75 кожолукту үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт, буга чейин аталган айылдын мектебинин трансформаторунан колдонуп келишкен.
Мындан тышкары буга чейин, Мөнөк айылында 115кв тарнсформатордун ордуна 400 кВ трансформатор, 88-ТПда 400 кв трансформатор, Кашкар-Кыштак айылында 317 трансформатор 630кВга алмаштырылган. Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгылары тартылган.
Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКнын эсебинен сатылып алынды.

Связанный пост