Эмгек министрлиги: 9 айда 13 миңге жакын кыргызстандык иш менен камсыз болду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үстүбүздөгү жылдын тогуз айында иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан дээрлик 13 миң адам ишке орношконун маалымдайт.
Жыл башынан бери иш берүүчүлөр тарабынан 18,8 миң бош жумуш орун берилген, алардын 70% га жакыны жабылган. 6 миң жумуш орду талап кылынбай калган.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 134 жумушсуз жаранга берилген.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун өлчөмү социалдык фонддо иштеген стажына жараша болот. Негизги жөлөкпул 300 сомду түзөт.