Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министрине шахтадагы жарылуудан курман болгон адамдарга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаиловго Казакстан Республикасынын Караганда облусундагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Казакстан Республикасынын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат билдирүүдө.