Энергетика министрлиги менен кореялык компаниянын ортосунда Меморандумга кол коюлду

 Энергетика министрлиги менен кореялык компаниянын ортосунда Меморандумга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 26-октябрда Корея өлкөсүнөн келген «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерди талкуулашты. Электр энергиясын иштеп чыккандан баштап керектөөчүгө жеткиргенге чейин эсепке алуудагы артыкчылыкты, кыргыз-корея мамилелерин, энергетикалык тармакта маалымат технологияларын колдонуу жана өнүктүрүүнүн пландары туурасында пикир алышты.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Корея Республикасынын «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын ортосунда Корея менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Меморандумга кол коюлду. Меморандумга Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын Президенти Ан Таехо кол койду.
«Starkoff Co. Ltd.» компаниясы 2013-жылда негизделип, электр энергетикасында IТ-технологиясын санариптештирүү жана инновациялык интеллекттин негизинде электр энергиясына болгон керектөөнү визуалдаштыруу жана талдоонун системасын иштеп чыккан.
«Starkoff Co. Ltd.» Кореянын мамлекеттик электр энергетикалык KEPCO компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп, ири масштабдуу MDMS үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен электр энергиясына болгон талапты изилдөөдө адистешкен. Кореядагы 20 000ден ашуун электр заряддоочу станцияларга ээлик кылган электромобилдерди заряддоо кызматтарын көрсөткөн эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет.
Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААКтын Башкы директору Б.Жаныбеков, “Кыргызстандын электр тармагы” ААКтын Башкы директорунун орун басары И.М. Сыдыгалиев жана министрликтин жооптуу кызматкерлери, ошондой эле корей тараптан «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын Президенти Ан Таехо, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Ардактуу консулу Ким Хосонг жана Чет элдик инвесторлордун Ассоциациясынын Төрагасы Кайрат Итибаев катышты.

Связанный пост