Кыргызстанда көмүргө максималдуу баалар белгиленди

 Кыргызстанда көмүргө максималдуу баалар белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругун аткаруу максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын облустары, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленди:

 

Аймактардын аталышы Көмүрдүн маркасы Көмүрдүн чектик деңгээли  
1 кг капталган көмүрдүн чекене баасы, сом. 1 тонна көмүрдүн чекене баасы, сом.  
1 Бишкек шаары  
  КР ЭМ караштуу «Кыргызкөмур» МИ менен Келишим түзгөн отун базалары Жергиликтүү көмүр  

 

 

 

 

 

 

 

 

4 700

 
Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер Жергиликтүү көмүр  

 

5,5

 

 

5 500

 
  Тандалган (отборный)    

6,0

 

6 000

 
2 Чүй облусу  
  КР ЭМ караштуу «Кыргызкөмур» МИ менен Келишим түзгөн отун базалары Жергиликтүү көмүр    

 

 

 

4 700

 
Кемин району Жергиликтүү көмүр 5,1 4 800  
Токмок-Чүй 5,3 5 000  
Ысык-Ата району 5,6 5 300  
Аламүдүн району 5,8 5 500  
Сокулук району 6,1 5 800  
Москва району 6,2 5 900  
Жайыл району 6,4 6 100  
Панфилов району 6,6 6 300  
3 Ош  шаары  
  Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер Жергиликтүү көмүр  

 

7,0

 

 

6 500

 
4 Нарын облусу  
  Жумгал району  

 

Жергиликтүү көмүр

3,5 3 200  
  Кочкор району 4,5 4 200  
  Нарын шаары 5,5 5 000  
Нарын району 5,6 5 200  
Ат-Башы району 5,7 5 500  
Ак-Талаа району 6,3 5 800  
5 Ош облусу  
  Ноокат районунун карьерлеринин

-Ноокат району

Жергиликтүү көмүр  

 

 

 

5,5

 

 

 

 

4 000

 
   
  Өзгөн районунун карьерлеринен

-Кара- Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондору

Жергиликтүү көмүр  

 

6,0

 

 

5 000

 
   
  Алай жана Чоң Алай райондорунун

 карьерлеринин көмүрү

 

 

 

 

 

Жергиликтүү көмүр

     
Чон-Алай району 6,0 4 500  
Алай району 6,5 5 000  
Ноокат, Араван,Кара-Кулжа райондору   7,4 6 500  
Кара- Суу, Өзгөн райондору 7,3 6 500  
Кара-Суу районунун карьерлеринен Жергиликтүү көмүр      
Араван, Кара-Суу райондору  

7,0

 

6 000

 
Ноокат району 7,3 6 300  
6 Жалал-Абад облусу  
  Таш-Көмүр шаары Жергиликтүү көмүр 5,1 4 500  
Тогуз-Торо району Жергиликтүү көмүр 5,3 4 700  
Кара-Көл шаары Жергиликтүү көмүр 5,7 5 000  
Майлуу-Суу шаары Жергиликтүү көмүр 5,7 5 000  
Аксы району. Жергиликтүү көмүр 5,9 5 200  
Ноокен району

-Таш-Көмүр көмүрү -Майлуу-Суу көмүрү

Жергиликтүү көмүр      
5,7 5 000  
6,1 5 400  
  Ала-Бука району Жергиликтүү көмүр 6,2 5500  
Токтогул району

-Кара-Кече көмүрү –Таш-Көмүр көмүрү

 

Жергиликтүү көмүр

     
6,0 5 300  
6,6 6 000  
Чаткал району. Жергиликтүү көмүр 7,2 6 500  
Жалал-Абад шаары жана Сузак району

– Таш-Көмүр көмүрү – Маркай көмүрү

– Алай көмүрү

Жергиликтүү көмүр    
6,0 5 300  
7,4 6 800  
8,0 7 400  
Базар-Коргон району

-Таш-Көмүр көмүрү -Маркай көмүрү

-Алай көмүрү

Жергиликтүү көмүр    
5,8 5 100  
7,6 7 000  
8,2 7 500  
7 Ысык-Көл облусу    
  Балыкчы шаары  

 

 

Жергиликтүү көмүр

4,6 4 100  
Тоң району 5,3 4 800  
Ысык-Көл району 5,5 5 000  
Жети-Өгүз району 6,3 5 700  
Түп району 6,4 5 900  
Каракол шаары 6,6 6 100  
Ак-Суу району 6,8 6 300  
  Жыргалан Жыргалан  
  Тюпский район Жергиликтүү көмүр 8,3 7800  
г.Каракол 8,0 7500  
Ак-Суйский район 7,9 7400  
  Жети-Өгүз району 8,3 7800  
8 Талас облусу  
  Талас шаары, Талас району Жергиликтүү көмүр 6,6 6 300  
Бакай-Ата району 6,9 6 600  
Айтматов району 7,1 6 800  
Манас району 7,3 7 000  
9 Баткен облусу  
  Сүлүктү шаары Сүлүктү көмүрү «БР» маркасы 7,5 7 000  
Разаков шаары Сүлүктү көмүрү «БР» маркасы 8,5 8 000  
Баткен ш. жана Баткен району Жергиликтүү 7,5 7 000  
Сүлүктү көмүрү «БР» маркасы  

9,5

 

9 000

 
Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району Жергиликтүү 8,5 8 000  
Сүлүктү көмүрү «БР» маркасы  

10,5

 

10 000

 

 

Импорт

Аймактардын аталышы Көмүрдүн маркасы Көмүрдүн чектик деңгээли
1 кг капталган көмүрдүн чекене баасы 2023-ж 1 тонна көмүрдүн чекене баасы 2023-ж
1 Бишкек шаары
Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер Импорттук  көмүр  

 

 

6200

2 Чүй облусу
Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер Импорттук  көмүр  

 

 

6200

3 Ысык-Көл облусу
  Балыкчы шаары Импорттук  көмүр 6,8 6500
Тоң району 8,2 7900
Ысык-Көл району 8,2 7900
Жети-Өгүз району 8,8 8500
Каракол шаары 8,8 8500
Түп району 8,8 8500
Ак-Суу району 9,0 8700
4 Талас облусу
  Айтматов району Импорттук  көмүр 8,8 8500
Манас району 8,8 8500
Бакай-Ата району 9,0 8700
Талас шаары 9,2 8900
Талас району 9,3 9000

Аймактар боюнча көмүрдүн баасы, өндүрүлүп чыккан жердин (карьер) алыстыгына, казып алуу ыкмаларына – кен ыкмасы (шахтовый – кол менен казып алуу) жана  (техниканын жардамы менен ачык казып алуу)  сатылуучу жайларга чейин жеткирип берүүгө ошондой эле сактоо жана сатуу шарттарына жараша белгиленди. Мисалы казып алуунун эң  татаал, акысы кымбат ыкмасы кол менен казып алуу болуп саналат. Айта кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң жана Баткен облусундагы Сүлүктү көмүр шахталарында кол менен казып алынат.

Учурда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн көмүр сатылууда. Казакстандын көмүрүнүн баасы ата мекендик көмүрдөн кымбат. Буга ташып жеткирүүчүлөрдүн жол акысы жана темир жол аркылуу ташуу тарифтеринин жогорулашы себеп болууда. Импорттук көмүр Бишкекте жана Чүй облусунда (жүктөп берүү акысын кошкондо) 6,2 миң сомдон сатылууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгиленген баалардын колдонулушуна көзөмөл кылып, көмүр сатып иш жүргүзгөн чарбакер субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле Соода эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Связанный пост