Төө-Ашуу, Сосновкада чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

 Төө-Ашуу, Сосновкада чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз.

Связанный пост