Бишкек шаары жана Чүй облусунда жолдорго эки күнгө чектөө киргизилет

 Бишкек шаары жана Чүй облусунда жолдорго эки күнгө чектөө киргизилет

2023-жылдын 25-27-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Бишкектеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө, ага байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бардык чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлөт.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарынын жана Чүй облусунун ИИБнын өздүк курамы «Жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.

Ага байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:
– «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

-«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Связанный пост