Караколдо 390 батир кайрадан жылытуу тутумуна кошулду

 Караколдо 390 батир кайрадан жылытуу тутумуна кошулду
Караколдо 390 батир кайрадан жылытуу тутумуна кошулду. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы элди жылуулук менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштерди аткарууда.
Муну менен катар Кашка-Суу кичи районундагы откананын Жылуулук системасына кошулуп жаткан №11, 12 жана 13- үйлөрдөгү батирлердин жалпы саны 390 ду түздү.
Бүгүнкү күндө, «Кашка-Суу мектеп» отканасында ВОСТ М 1,16 МВт жана ВОСТ М 0,8 МВт үлгүсүндөгү 2 даана отказандар орнотулду.
Отказандарга кошумча жабдыктар тендер аркылуу өткөрүлүп, “Шатурный” аттуу ишкерлер тарабынан алынып келип, аларды орнотуу иштери соңуна чыгууда. Бул иштер аяктагандан кийин жылуулук өтүүчү түтүктөрдү текшерүү иши жүргүзүлөт.
Көп убакыттан бери иштетилбей туруп калган, эскилиги жеткен түткүтүн бөлүктөрүн алмаштыруу иштери башталат. Кошумчалай кетсек азыркы учурда Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин жер төлөлөрдүн ичкиү жылуулук системасы кайра башынан жаңыланып жатат.
Бул иштер 2023-2024-жылдын күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында аткарылууда

Связанный пост