Ысык-Көл облусуна 9 айда 981,7 млн сом которулду

 Ысык-Көл облусуна 9 айда 981,7 млн сом которулду

КРнын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусуна 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бөлүнгөн бюджеттер аралык трансферттер:

Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 981,7 млн сом акча каражаты каржыланган.

Алар:

  1. Теңдөөчү трансферт – 203,3 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө – 23,5 млн сом;
  3. Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 21,9 млн. сом;
  4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41,2 млн. сом;
  5. Айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 6,8 млн. сом;
  6. Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685,0 млн сом.

Связанный пост