Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык “China North Industries Group Corporation Limited” (Norinco) компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында кызматташуунун багыттарын, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, геология жана геологиялык чалгындоо маселелерин талкуулашты.
МинКаб Төрагасы эки тараптуу мамилелерди активдүү бекемдөөгө өбөлгө боло турган ар тараптуу кеңири чөйрөдө мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Norinco өкүлдөрү МинКаб Төрагасына компания көрсөткөн кызматтардын географиясы тууралуу айтып беришти, аны менен катар сунушталып жаткан кызматташуу үчүн эң пайдалуу багыттарды белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашышты.