Ошто абакка баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлду
Жаза аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) кызматкерлери тарабынан ЖАКтын жабык мекемелеринин аймагына тыюу салынган предметтердин кирүү каналдарын бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн жүрүшүндө камакка алынган адамдар үчүн баңги каражаттарды өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлган.
Ош шаарындагы ТИЗО-5ке азык-тулүк жеткирип келген Р. М.М. аттуу жаран текшерүүгө алынып, тамак-аш азыктарынын арасынан өзгөчө жыты бар белгисиз зат менен кызгылт сары скотч менен оролгон таңгак табылып, алынган. Кармалган заттын жалпы салмагы (болжолдуу гашиш) болжол менен 1 кг түздү.
Кармалган Ош шаарынын тургуну Р.М.М. жеке такси иши менен алектенерин жана аны Ош шаарынынТИЗО-5ке азык-түлүк жеткирүү үчүн белгисиз адамдар жалдаганын түшүндүрдү.
Чогултулган материалдар мындан ары биргеликте иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
ЖАК бардык жарандарга тамак-аш азыктарын жана башка буюмдарды пенитенциардык мекемелерге жеткирүү жана өткөрүп берүү менен байланышкан ар кандай шектүү өтүнүчтөргө сергек болууга чакырат.