«Түштүк-Батыш» бажысы 14 тонна бут кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктады

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныкташты.

Кытай Эл Республикасынан «Иркештам» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы аркылуу «К.» ЖЧКсынын дарегине документтерге ылайык, «балдар арабасы» деп көрсөтүлгөн товарлар келген. Бирок, бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 13 945 кг болгон «бут кийим» товары аныкталган. Товардын баасы 5 792 260 сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 061 069 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСте катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост