КР жана РФ ректорлорунун III форумунда 51 кызматташуу келишимине кол коюлду
ОшМУнун базасында өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун III форуму пленардык отурумдар менен башталды. Мында “Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар”, “ЕАЭБдын экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо” , “Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары” темаларынын баяндамалар окулуп, талкуулар орун алды.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү.
Анын ичинен 10 университет: Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту, Казан федералдык университети, Челябинск мамлекеттик университети, Н.И. Лабочевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети, Түштүк федералдык университети, В.Г.Короленко атындагы Глазов мамлекеттик инженердик-педагогикалык университети, Калмык мамлекеттик университети, Түндүк-Батыш мамлекеттик университети менен ОшМУ эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.
Учурда Ош мамлекеттик университети Россиянын 77 университети менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин алкагында кызматташып келет. Анын ичинен 21 багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган меморандумдардарга кол койгон. Кош дипломдуу билим берүү программаларынын 12си учурда ийгиликтүү ишке ашууда.