Эмгек министрлиги Япония менен кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу жетектеген Япониянын делегациялары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу, миграция, калктын аярлуу катмары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министрдин орун басары Япония Өкмөтүнө көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Японияны достук жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары көрөрүн белгиледи. “Сиздердин өлкөнүн Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана калкты социалдык жактан тейлөө боюнча тажрыйбаңыздар биз үчүн кызыктуу жана ар кандай тармактарда илимий-техникалык прогресске ээ болгон “Күн чыгыш өлкөсүнөн” үйрөнө турган көп нерсе бар”, – деди ал.
Жылдыз Полотова белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары үчүн жумушка орношуу географиясынын ареалын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын июлунан тартып кыргызстандыктар Министрлик менен Япониянын кызыкдар мамлекеттик органдарынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жөнүндө меморандумдун аркасында “белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” статусу менен Японияда иштей алышат.
Өткөн жылдан тартып 18 жаштан 35 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары Японияда үч жылга чейинки мөөнөткө тигүүчүлүк, медайымдык иш, курулуш иштери багыттары боюнча ишке орношо алышат. Мыйзамдуу жумушка орношуу медициналык камсыздандырууга, турак жайга, төлөнгөн пенсиялык салыктын 80% кайтарып берүүгө кепилдик берет.
“Биздин жарандар Японияда белгилүү билим жана тажрыйба алуу менен келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошо аларына ишенебиз” – деп кошумчалады Жылдыз Полотова.
Өз кезегинде Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу Кыргызстан менен жакынкы тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга кызыкдар экендигин билдирди.
“Мен кыргызстандыктар бизде жөн гана иштебестен, өздөрүн коопсуз сезип, бактылуу болушун каалайт элем”, – деп белгиледи ал.