Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүү иштери жүрүүдө

 Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүү иштери жүрүүдө

Өлкө аймагындагы тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу Ветеринардык кызмат төмөндөгүдөй иштерди аткарды.
Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги менен 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинен:
– Бишкек шаарынан 60 субъект,
– Чүй облусунан 23 субъект.
Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 500 сом айып пул салынды.
Мындан сырткары республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.

Связанный пост