Эмгек министрлиги 13 мекендешке мекенине кайтууга жардам берди

 Эмгек министрлиги 13 мекендешке мекенине кайтууга жардам берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн 13 кыргызстандыкты мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөттү.
Миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, кыргызстандыктар автобус менен Казакстан Республикасынын Урал облусунан Кыргызстандын Алматы ш.Башкы консулдугунун көмөгү менен алынып келинди.
Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар керектүү миграциялык процедуралардан өз убагында өтө албай, Россия Федерациясынан Казакстанга депортацияланган.
Эмгек мигранттары көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Связанный пост