Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуяларда талкаланган ИИМдин имараттары калыбына келтирип жатат

 Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуяларда талкаланган ИИМдин  имараттары калыбына келтирип жатат

2022-жылдын 14-18-сентябрында Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуялардын жыйынтыгында Ички иштер министрлигине тиешелүү болгон бир катар имараттар талкаланып, пайдаланууга жарабай калган.   Өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, быйыл ал  имараттардын айрымдары оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилсе, калган имараттар оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп жаткан учуру. Алар ИИМдин Ички аскерлеринин  7707 аскер бөлүгүнүн  Интернационал, Көк-Таш айылдарындагы, башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы айрым имараттары,  Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү,  Лейлек РИИБдин Максат айылындагы милициянын аймактык пункту, Лейлек РИИБдин Кулунду айылындагы милициянын аймактык пунктунун имараттары, Баткен РИИБдин Таш-Тумшук айылындагы милициянын аймактык  имаратынын терезелери талкаланган. Жогорудагылардын негизинде Баткен облусундагы ички иштер органдарына 36 326 390 сомдук материалдык  зыян келтирилген. Учурда Лейлек РИИБдин Максат айылындагы милициянын аймактык пункту, Баткен РИИБдин Таш-Тумшук  айылындагы милициянын аймактык пункту толук ондолду. ИИМдин Ички аскерлеринин  7707 аскер бөлүгүнүн  Интернационал, Көк-Таш айылдарындагы, башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы айрым имараттар дагы калыбына келтирилди.  Бул имараттарды оңдоп түздөө иштери ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Связанный пост