Кыргызстанда кыргыз-эмират холдингин ачуу пландалууда
2023-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын сактоо максатында, министр Ж.Кулубаев БАЭнин Президенти шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар, Кыргыз Республикасында түзүлө турган кыргыз-эмират холдингинин ишин баштоону тездетүүнү макулдашты.
Соңунда Ж.Кулубаев БАЭнин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх А.Аль Нахайанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.