Балыкчыда биринчи компьютердик томография борбор ачылды

2023-жылдын 20-сентябрында МЖӨ долбоорунун алкагында Балыкчы шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда үчүнчү компьютердик томография борбору ачылды.

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр жабдылды жана «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулду.

Буга чейин Бишкек шаарында да ушундай 2 борбор ачылган. Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион АКШ долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.

«Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. Буга чейин Балыкчы шаарында компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушкан», – дейт Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы дарыгеринин орун басары Асыл Адылбекова.

Ошондой эле долбоордун алкагында дагы 3 ооруканага: Өзгөн, Токтогул жана Кадамжай райондоруна компьютердик томография орнотулат.

Связанный пост