Нарын облусунда чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган адамды кармашты

2023-жылдын 19-сентябрында Нарын облусунда чек арачылар жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган адамды кармашты.

Болжол менен саат 22.30да Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын “Муз-Төр” чек ара постуна ВАЗ-2121 «Нива» маркасындагы автоунаа келген.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 капты табышкан, алардын жалпы салмагы 53 кг 400 г. болгон.

Кийинчерээк, автоунаанын айдоочусу – Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Ж., Кыргызстандын аймагында казууга жана мыйзамсыз жыйноого катуу тыюу салынган эндик (Арнебия) өсүмдүгүнүн тамырларын чек ара посту аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Ж.Ж. жана эндиктин тамырлары салынган каптар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө Кодексинин 264-беренесине ылайык Ж.Ж. аттуу жаран жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун же алардын бөлүгүн сатып алуунун жана сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке жана айып пул төлөөгө тартылган.

Эндик өсүмдүгү жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Эндик Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп (Boraginaceae тукуму), жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат.

Тамырдын курамында шиконин аталган биологиялык зат бар.

Связанный пост