Республикалык бюджеттен Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү

 Республикалык бюджеттен Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 2023-жылдын 8 айына  карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат:

Бюджеттер аралык трансферттер :

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:

1. Теңдөөчү трансферт – 627,1 млн сом;

2. Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;

3. Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16,3 млн сом;

4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 19,2 млн сом;

5. Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,

Мындан тышкары капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом бөлүндү.

Связанный пост