«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна 6,8 млрд сом бөлүндү
2023-жылга “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорун ишке ашырууга 3 млрд сом каралып, жылдын биринчи кварталында толугу менен каржыланды.
Буга кошумча 3,8 млрд сом каралып, үстүбүздөгү жылдын май айында толук каржыланган.
Жалпысынан 2023-жылдын 31-августуна карата 6,8 млрд сом каржыланды.
Алар:
– «РСК Банк» ААКга 2,3 млрд сом;
-ААК «Айыл Банк» 4,5 млрд сом.
2023-жылдын 31-августуна карата жалпы суммасы 3 543,4 млн сомду түзгөн 3273 жеңилдетилген кредиттер берилген.