Таэквон-до ITF боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди

 Таэквон-до ITF боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди

Таэквон-до ITF боюнча курама команданын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өткөн 22-Дүйнө чемпионатында 7 медаль (1 күмүш, 6 коло) жеңди.

 

Мелдеш 19-26-август күндөрү өтүп, жалпы 68 өлкөдөн келген спортчулар катышкан.

 

65 кг чейинки Рамиз Дайстроков өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча күмүш медалга ээ болду.

 

65 кг чейинки салмакта Айназик Абдужаббирова өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун;

 

Ардагерлер арсында 62 кг чейинки салмакта Гүлзара Михманова спарринг боюнча 3-орун;

 

64 кг чейинки салмакта Элиза Шаршекеева өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун;

63 кг чейинки салмакта Петренко Владислав өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча жана юниорлор арасында жеке техникасы боюнча 3-орун;

 

69 кг чейинки салмакта Муслим Толкумбаев өспүрүмдөр арасында 69 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 3-орун.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан.

Связанный пост