Электрондук күндөлүк “Менин шаарым” тиркемесинде пайда болот
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарындагы муниципалдык бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн Билим берүү департаментин санариптештирүү долбоорун пилоттук түрдө өткөрүүдө. Ошондой эле кагаз колдонууну азайтат.
Алсак, пилоттук долбоор №2, 13, 42, 50, 55, 57, 58, 68, 72, 74, 77, 79, 80, 93, 97, 102 мектептерде ишке кирүүдө.
Эми ата-энелер жана балдар бекер Менин шаарым мобилдик тиркемеси аркылуу сабактардын графигин, үй тапшырмаларын, жетишкендиктерин жана катышуу рекорддорун көрө алышат. Мындай пилоттук долбоор “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, борбор калаанын Ленин районунун айрым билим берүү мекемелеринде өтүүдө.
Белгилей кетсек, эгер жыйынтык ийгиликтүү болсо, долбоорду андан ары өнүктүрүү жана башка мектептерге жайылтуу жагы каралууда.