Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Кыргыз Республикасы заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды ийгиликтүү жеңип, социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатканын белгилеп кетүүгө кубанычтамын, бул кыргыз эли тандап алган жолдун тууралыгын тастыктайт.
Биздин мамлекеттердин өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин аркасында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык мындан ары дагы динамикалуу өнүгөт, Белоруссиянын жана Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өнөктөштүк мындан ары дагы кеңейет деп ишенем.
Сизге, урматтуу Акылбек Усенбекович, чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.