Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов МинКаб Төргасы Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады

 Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов МинКаб Төргасы Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин өлкө  Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.

“Акыркы жылдары Кыргызстан ар тараптан өнүгүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Ар тараптуу жүргүзүлгөн реформалар жана демилгелер өлкө эли жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланууда. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерде экенин белгилегим келет. Маанилүү позитивдүү өзгөрүүлөр байкалып, биздин бир тууган элдерибиздин кеп жылдардан берки кыялдары ишке ашууда. Сиздер жакшы билесиздер, биз салттуу жакшы коңшулукка, ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген достук мамилелердин жана өз ара пайдалуу өзбек-кыргыз кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүшүнө жана кеңейишине кызыкдарбыз”, – деген каалоо жолдогон Абдулла Арипов.

Связанный пост