Жумгал району күз-кыш мезгилине даяр

“Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Джусупбеков Жумгал районуна иш сапар менен барды.

Иш сапардын алкагында «Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерип, жеринде маалымат алды.

Бүгүнкү күндө, «Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалында көмүр менен иштеген “Сапарбекова 88” жана “Сапарбекова 100-101” отканаларында жана бир электр энергиясы менен ишеген отканасында оңдоп-түзөө иштери толук кандуу 100 пайызга бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даяр.

Маалыматка ылайык, Жумгал участкасы боюнча жалпысынан 3 откана бар. Анын ичинен экөө көмүр менен жана бироо электр энергиясы менен иштейт.Учурда бир откана техникалык тейлөөдө. Ал эми жылуулук менен камсыздалуучу абоненттердин саны 48, анын ичинен 10ну бюджеттик уюмдарды түзөт.

Связанный пост