Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

 Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост