“Достук-автожол” КӨЖда (КР) Кыргызстандан Өзбекстанга чыкканга транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда

 “Достук-автожол” КӨЖда (КР) Кыргызстандан Өзбекстанга чыкканга транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда

3214550 17.10.2017 Пробка из фур на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП “Ак-Тилек”. Табылды Кадырбеков / РИА Новости

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 11-августуна карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Достук-автожол” өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жаткандыгын маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өзбек тараптын маалыматы боюнча Өзбекстан Республикасынын бажы кызматы “Дустлик-автожол” (ӨР) КӨЖда пилоттук режимде иштеп жаткан “Е-Транзит” программалык камсыздоосун орноткондугун билдирет.
Бул тиркеме өзбек тараптын КӨЖнан транспорт каражаттарынын тезирээк өтүшүн камсыздоо максатында чет элдик жарандар үчүн иштелип чыккан.
Буга байланыштуу “Достук-автожол” КӨЖда (КР) Кыргызстандан Өзбекстанга чыкканга транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда.
Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары арасында өзбек тарап жаңы программалык камсыздоону киргизгендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү менен туруктуу байланыш кармап турушат.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга үндөйт.

Связанный пост