Сокулук районунда “гашиш” баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды

 Сокулук районунда “гашиш” баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды
КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республиканын түштүк аймактарынан Чүй облусуна баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын жоюу боюнча узакка созулган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жаранды аныкташты.
Тактап айтканда, 2023-жылдын 21-июлунда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. шектүү жаран кармалды. Колундагы жүгүндө (полимер пакети) 166 брикет «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Таңгак менен жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түздү.
Кармалган жаран КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост