МБК июль айында белгиленген пландан 1,1 млрд сомго көп жыйнады

 МБК июль айында белгиленген пландан 1,1 млрд сомго көп жыйнады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын июль айында республикалык бюджетке иш жүзүндө 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 111,7%га аткарылды же 1,1 млрд. сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 4,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 182,6 %ды түздү.

Связанный пост