“Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары күндө саат 08.00дон 20.00го чейин иштейт

 “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары күндө саат 08.00дон 20.00го чейин иштейт

Кыргыз Республикаснын УКМКнин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 06-августунан баштап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө айрым өзгөрүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

“Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08.00дон 20.00го чейин иштеп башташты.                                                                                                             Жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт, ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтерди жана башка жарандарды жөө жана жеңил автоунаа менен өткөрөт.                      Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары гана өтө алышат.

Эскерте кетсек, КЭР кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары керек.

Өткөрүү жайлары мындай режимде 2023-жылдын 30-сентябрын кошуп эсептегенге чейин иштемекчи.

Связанный пост